Кыргыз Республикасынын
Таэквондо (WT) Академиясы

Кыргызстан Жөнүндө

Кыргызстан – Борбордук Азиянын эң кооз жерлеринин бири, анын территориясынын копчүлүк бөлүгүн тоолор ээлейт, ал климаттын ар түрдүү , жаратылыш ландшафттардын, жаныбарлар жана өсүүчү дүйнөнүн болушуна шарт түзөт. Бул жерден силер ак карлуу тоого, күн нуруна бөлөнгөн Тянь-Шандын каарлуу келбетине күбө боло аласыңар. шаркыратмаларга жана ташкындап агып жаткан дарыяларга, көлдөргө куйган тунук таза сууга толгон жапайы жаратылыш сизди өзүнүн сулуулугу менен тан калтырат.

Кыргызстандын бермети – Ысык-Көл, жыл бою тоңбогон көл сиздин элестетүүңүздү таң калтырат. Биздин күнгө чейин Кыргызстандын территориясында көптөгөн укмуштуу жерлер жана эстеликтер сакталып калган: Оштогу ыйык Сулайман тоосу, жер шарындагы эң чоң жаңгак токою Арсланбап, Жала-Абаддагы дары булактары, Таш-Рабат караван сарайы, Бурана мунарасы, тоо жазууларынын эң көп чогулган жер Саймалуу-Таш.

 

Жалпы маалымат

 

Мамлекет Евразиалык континентте, Чыгыш менен Батыштын, Түндүк менен Түштүктүн кесилишиндеги аба толкунунда орун алган. “Манас” аэропортунан учкандан кийин 4 саат аралыкта Москва (Россия), Пекин (Кытай), Стамбул (Түркия), Дели (Индия) шаарлары жайгашкан.

Орун алган жери: түндүк-чыгын
Координаттары: 41º 00 түндүк мейкиндигинде, 75º 00 чыгыш узундугунда.
Аянты: 198,5 кв.км. 94% тоолор ээлейт, деңиз деңгээлинен 2750 м бийиктикте турат.
Калкы: 6 миллион адам.
Калкынын курамы: кыргыздар -58%, орустар – 18%, өзбектер – 16%, казактар, тажиктер, уйгурлар жана башка улуттар – 8%.
Кыргызстандын борбору: Бишкек
Тили: кыргыз тили – мамлекеттик тил, орус тили – расмий жана пикир алышуунун негизги тили.
Дини: ислам- 75%, православ – 20%, башка диндер – 5%.
Убактысы: Гривинч боюнча 5 саат.
Электроэнергиясы: 220 V AC, 50А; эки тепкичтүү штепстин стандарттуу уясы.
Интернет зонасы: .kg
Улуттук валютасы: сом (100 тыйын).
Саякат кылууга эң жакшы мезгил: май-октябрь

 

Географиялык абалы

 

Кыргыз Республикасы Орто Азиянын түндүк-чыгышынан орун алган, Тянь-Шандын жана түндүк Памир-Алтайдын бөлүгүн камтыган. Чек ара негизинен табигый азыктар, бийик тоолор жана дарыялар, кээ бир жерлери гана Чүй, Талас, Фергана өрөөндөрүнө түшүп түз жерлер менен өтөт.

Кыргызстан түндүктөн – Казакстан, батыштан жана түндүк-батыштан – Өзбекстан, түштүк-батыштан – Тажикистан жана түштүктөн жана түштүк-чыгыштан – Кытай менен чектешет (чек аранын узундугу 1049м). Кыргызстандын чек арасынын жалпы узундугу – 4503 км. Республиканын жалпы аянты – 198, 5 км². Өлконүн 94% тоолор ээлейт. Деңиз деңгээлинин орточо бийиктиги – 2750 м.

Кыргызстандын территориясы батыштан чыгышка карай 900 километрге, түндүктөн түштөккө карай 410 километрге созулат жана болжол менен түндүк кеңдигинин 39º жана 43º жатат. Мамлекеттин эң бийик көтөрүлгөн жери чыгыш тарабынан орун алган. Бул тоонун түйүнүндө, Кытай менен чектешкен жерде, Тянь-Шандык тоо системасынын эн бийик жери – Пик Победа (7439 м) жана Хан-Тенгри (6995 м) көтөрүлөт. Булжердентоолор желпингич сымал батышка жана түштүк-батышка, ажырап бара жаткан чынжырга окшоп созулуп, кеңдигин жиберип тарайт. Тажикистан менен чектешкен түштүктүн эң акыркы жеринде эңбийик Чоң-Алай тоо кыркасы өзгөчөлөнүп турат, ал жерде Кыргызстандагы бийиктиги боюнча экинчи орунда турган Ленин пиги (7134 м) жайгашкан.

Тоо кыртышынын татаал курамы жана экологиялык шарттары Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсүнө жана жер кыртышына шарт түзөт. Анын аймагында чөлдөр, талаалар, токойлор, бадалдар аралы, жээктер, саздар, тоо тундралары жана башка жандыктар жолугат.

Кыргыз Республикасы эң чоң суу запастарына ээ. Эң чоң дарыя бассейндеринде28000 дарыялар жана булактар жайгашкан, анын 90% 10 км узундукта. Алардын ичинде суу деңгээли эң жогору болгон дарыялар дабар. Мисалы, Нарын дарыясы 500 км узундукта.

Кыргызстан Республикасында 200 ашуун көлдөр жана суу сактагычтар бар. Көлдөр территориянын 34% ээлейт. Анын 90% жакыны тоо бийиктигиндеги көлмөлөр жана жабык көлдөр. Сары-Челек Чаткал өрөөнүнүн түштүк-батышында, деңиз деңгээлинен 1873,9 м бийиктикте орун алган жана биосфералык корук болуп саналат.

Бийик тоолуу Ысык-Көл Тянь-Шандын тоолорунун ичинде, тереңинде чон куймалары бар, деңиз деңгээлинен 1606,7 м бийиктикте орун алган. Көлдүн түштүк тарабын Тескей-Ала-Тоо, түндүгүн Күнгөй-Ала-Тоо курчаган, Ысык-Кол башка көлдөрдөн географиялык, климат жана гидрология шарттары боюнча айырмаланып турат. Формасы боюнча көл трапецияга окшош. Акыркы изилдөөлөр боюнча көлдүн узундугу 178 км, туурасы 60,1 км, аянты 6236 км², жээктин узундугу 688 км, эң тереңжери 669 м, орто терең жери 278,4 м. Көл айтып болгус кооз. Ошондуктан аны “Кыргызстандын – бермети” деп аташат. Тунуктугу жана күн нуру көлдүн түсүн көгүлтүрдөн кара көккө чейин өзгөртөт. Кышкысын суунун температурасы +4,2ºС +5,0ºС. Июлда жана августта суунун өйдө жагы +18ºС +24ºС чейин ысыйт. Кыргызстан – заманбап тоо мөңгүлөрү бар чоң региондордун бири, алардын жалпы аянты 8100 км² же Мамлекеттин территориясынын 4,2% бөлүгүн түзөт.

Мөңгүлөрдүн ¾ аянты Сырдарыя жана Тарим дарыя бассейнине таандык, анын негизги борбору батыш тарапта жайгашкан, Сары-Жаз бассейнинде, эн чоң мөңгүлөрдүн өрөөнү болгон (Туштүк Эңилчек, узундугу 60,5 км, Кайыңды – 29,0 км), ошондой эле Тескей Ала-Тоо, Кашаал-Тоо, Ак-Шайрык, Чоң-Алай тоолору. Тянь-Шань тоолорунда жапыс чокулары бар мөңгүлөр кездешет. Ичиле тургандын суунун запасы болжол менен 650 млрд м³, ал бүт мамлекеттин 12 дарыясына татыктуу.

Негизги шаарлары: Бишкек – Кыргыз Республикасынын борбору (900 000 жакын эли бар), Ош – Кыргызстандын батышы (300 000 жакын эли бар), Каракол – Ысык-Көл областында (64 000 жакын эли бар). Областтын борбор шаарлары Нарын, Талас, Жалал-Абад, Баткен.

Климаты: кескин континенталдык, Ысык-Кол областында гана деңиз абасына жакын. Январдагы орто температура -4ºС -14ºС, июлдун орто температурасы +17ºС +38ºС.